2
Катуу ингредиенттерди кумурага салуудан мурун майда бөлүктөргө кесип
алыңыз (кубиктер 2–3 сантиметрден чоң эмес болушу керек).
Кеңеш: Бир учурда чоң көлөмдөгү катуу ингредиенттерди иштетпеңиз. Бул
ингредиенттерди кичинеден бөлүп иштетиңиз.
3
Ингредиенттерди кумурага салыңыз.
Эскертүү: Жашыл бычак блогунун үстүнкү четинен ашпаңыз.
4
Клапанды капкакка салыңыз.
Эскертүү: Клапан туура бекитилгенин текшериңиз.
5
Кумуранын капкагына электи коюңуз ('чык').
6
Капкакты кумурага коюп, бекитүү үчүн аны саат жебеси боюнча бураңыз.
Капкактагы кичинекей уркуюп турган жерлер кумурадагы оюктарга жылыш
керек. Капкактын чоң уркуюп турган жери кумуранын сабынын так үстүнө
коюлганын текшериңиз.
- Кыргызча 149 -