Download Print this page

Буулабай Аралаштыруу - Philips AVENT SCF870 Manual

Hide thumbs Also See for AVENT SCF870:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
5
Аралаштырып бүткөндөн кийин жөн гана башкаруу бурама баскычын
бошотуңуз.
» Бурама баскыч автоматтык түрдө өчүк абалга кайтып келет.
6
Шайманды розеткадан сууруңуз.
7
Бычак блогун чыгарыңыз. Абайлаңыз, бычак блогун алып жатканда ал дагы
деле ысык болушу мүмкүн. Аралашкан тамакты идиштен алып чыгыңыз.
Керек болгон учурда, бул шайман менен кошо берилген депкирди
колдонуңуз.
Бөбөктүн тамагы бөбөгүңүз үчүн коопсуз температурада экенин текшериңиз.
8
Кадимки шарттарда, буулоодон кийин суу резервуарында суу калбайт. Бирок,
кээ бир учурларда, (мис., суу резервуарында кебээр чогулуп калса, буулоо
процесси үзгүлтүккө учураса же максаттуу эмес колдонулса), суу
резервуарында бир аз суу калып калышы мүмкүн. Мындай учурда, бактерия
көбөйүп кетпеши үчүн колдонгондон кийин суу резервуарын толук
бошотуңуз. Суу резервуарынан кебээрди кетирүү үчүн 'Тазалоо жана тейлөө'
бөлүмүн караңыз.
Буулабай аралаштыруу
Шайман төмөнкү максатка арналган:
бөбөктүн тамагы үчүн бууланган жана бышырылган ингредиенттерди эзүү
бөбөктүн суусундуктарын даярдоо үчүн суюктуктарды жана жемиштерди
аралаштыруу
Шайман муз же кант кубиктери сыяктуу катуу ингредиенттерди майдалоого
арналган эмес.
Суюктуктарды кумурага куйгандан кийин, кумураны эч качан буулоо абалына
койбоңуз.
Эскертүү: Суюктуктарды аралаштырганыңызда, кумураны андагы эң жогорку
деңгээлдеги индикатордон ашык толтурбаңыз.
Эскертүү: Бөбөктүн тамагын аралаштыргандан кийин аны эч качан буулабаңыз.
1
Бычак блогун кумурадагы бычак блогунун сабына салыңыз.
- Кыргызча 148 -

Hide quick links:

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scf870/20