Philips HF3650 Manual page 23

Hide thumbs Also See for HF3650:
Table of Contents

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
Эскертүү
Көңүл буруңуз
-
Адаптерди кургак кармаңыз.
-
Шаймандын ичине суу киргизип же шайманга суу чачып албаңыз.
-
Түзмөктү сууга салып же агып жаткан сууга чайкабаңыз.
-
Шайманга жакын жерде шайманга суу же башка суюктуктун тамчылап же
чачырап кетишине алып келүүчү нерселерди койбоңуз.
-
Бул шайман үй ичинде колдонуу үчүн арналган.
-
Адаптерде кооптуу 100 V – 240 V ӨТ тармактык чыңалууну коопсуз
24 V ӨТ төмөн вольтажына которот. Адаптерди башка розеткага
алмаштыруу үчүн кесип салбаңыз, бул коркунучтуу жагдайга алып
келиши мүмкүн.
-
Эгер лампанын корпусуна зыян келтирилип, сынган же ал жок болсо,
шайманды эч качан колдонбоңуз.
-
Адаптер, шнур же шайман кандайдыр бир зыянга учураса, суюктук агып
кетсе же шаймандын ичине жана/же үстүнө кандайдыр бир нерселер
түшүп кетсе, шайман жамгырга же нымга дуушар болсо, нормалдуу
иштебей калса же кулап же бузулуп калса, аны иштетпеш керек.
-
Эгерде сиз дем алуу көнүгүүсүндө RelaxBreathe колдонуп жатканда
кандайдыр бир учурда өзүңүздү ыңгайсыз сезсеңиз, дем алууңузга
кайтыңыз.
-
Шайманды камсыз кылынган адаптер менен гана колдонуңуз.
-
Эгерде адаптер бузулган болсо, коркунучту болтурбоо үчүн аны дайыма
түпнуска түрүнө алмаштыруу керек.
-
Бул шайман дене, сездиргич, акыл-эс жагынан кемтиги бар же
тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар (балдарды кошуп)
бирөөнүн көзүнчө же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу,
алардын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү адам тарабынан акыл
берилгенде жана боло турган коркунучтарды элестете алышса, колдоно
алышат.
-
Эгерде сиз депрессиядан дарылансаңыз же дагы эле депрессияда
болсоңуз, аппаратты колдонууну баштоодон мурун дарыгериңиз менен
кеңешиңиз.
-
Бул шайманды уйку сааттарыңызды кыскартуу үчүн колдонбоңуз. Бул
шаймандын максаты - ойгонууга оңой жардам берүү. Бул сиздин уйкуга
болгон муктаждыгыңызды азайтпайт.
-
Шайманды туташтыруудан мурун, анда көрсөтүлгөн чыңалуу
жергиликтүү электр чыңалуусуна туура келерин текшериңиз.
-
Электр шнурун, айрыкча штепсельдерде, дубал розеткаларда жана
лампадан чыкчу жерлеринде басып же кысылып калуудан коргоңуз.
-
Адаптердин оңдоого мүмкүн болбогон бузулушуна жол бербөө үчүн,
аны электрдик абаны тазалоочу розеткалардын ичинде же жанында
колдонбоңуз.
-
Шайманды жерге түшүрбөңүз, катуу урбаңыз же башка катуу соккуларга
дуушар кылбаңыз.
-
Шайманды туруктуу, тегиз жана тайгак эмес жерге коюңуз.
Кыргызча
25

Advertisement

Table of Contents
loading

This manual is also suitable for:

Hf3651Hf3653Hf3654Hf3650/70

Table of Contents