Маанилүү
Бөтөлкө жылыткычты колдонгонго чейин колдонуучунун нускамасын кунт коюп окуп
чыгыңыз жана келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Коркунуч
- Шнурду, ачакейди же шайманды сууга же башка суюктукка
салбаңыз.
Көңүл буруңуз
- Шайманды имарат ичинде гана колдонуңуз.
- Шнурду столдун же иштөөчү жердин четине илип
койбоңуз. Ашыкча шнурду бөтөлкө жылыткычтын түбүнө
сактаса болот.
- Электр шнурун ысык жерлерден алыс кармаңыз.
- Шайманды жерге туташтырылган розеткага гана сайыңыз.
Ачакей розеткага талаптагыдай сайылганын ар дайым
текшерип туруңуз.
- Шайманды туташтыруудан мурда шаймандын түбүндө
көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү электр чыңалуусуна дал
келерин текшериңиз.
- Эгер узарткыч шнурун колдонуш керек болсо, ал жерге
туташтырылган, кубаттуулугу кеминде 13 ампер шнур
болууга тийиш.
- Эгер адаптер, электр кабели же шайман өзү бузук болсо,
шайманды колдонбоңуз. Эгерде электр кабели бузулган
болсо, коркунучтун алдын алуу үчүн Philips'ке, Philips
тарабынан уруксат берилген тейлөө борборуна же ушул
сыяктуу квалификациялуу адамдарга алмаштыртышыңыз
керек.
- Шайманды ысык газдын же электр мешинин үстүнө же
жанына же ысытылган духовканын ичине койбоңуз.
- Эгер коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар менен
таанышып же көзөмөл алдында болуп, шаймандын
коркунучтары тууралуу кабарланган болсо, бул шайманды
физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси чектелген
адамдар же тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
- Кыргызча 87 -